Панфилов районунда милиция кызматкерлери экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча жыйын өткөрүштү

2022-жылдын 19-апрелинде Панфилов РИИБнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн  демилгеси менен экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү иш алып баруу боюнча жыйын болуп өттү.

Жыйынга теолог Кадыр Маликов, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча Чүй облусунун өкүлү Шүкүр Шерматов, УКМКнын Панфилов райондук бөлүмүнүн өкүлдөрү, Билим берүү мекемелеринин кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери катышышты.Жолугушуунун жүрүшүндө Панфилов РИИБнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жыйындын катышуучуларына жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалыматтарды берип, алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканына карабастан диний экстремисттик коркунуч дале курч бойдон тургандыгын жана биргеликте анын алдын алуунун жолдорун белгилешти. Диний экстремизм жана анын жүрүшүндөгү, акча каражатына жалданып куралдуу кагылышууларга катышкан адамдардын сананын өсүшүнө бөгөт коюу маселеси ортого коюлду.Мындан тышкары, бул жыйындын катышуучулары Панфилов аймагындагы «Йакын-Инкар», «Хизб-ут-Тахрир», «Салифизм» жана башка диний агымдардын идеологиясын карманган адамдардын аймактарда радикалдашуусуна бөгөт коюу маселелерин талкуулашты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *