Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын коомчулукка жеткирүү иш-чарасы Москва районунда улантылды

Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу, жер-жерлерде жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечүү жана алдын алуу жумуштары тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

2022-жылдын 16-март күнү Москва райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жолгушуу болуп, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын элге жеткирүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарага Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары милициянын полковниги Ажыбаев Айбек Жакшымбекович, Москва РИИБдүн жетекчилиги, Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Мунара Мамаджановна, ошондой эле жергиликтүү жашоочулар катышышты.

Жолгушууда эл арасындагы маркумду акыркы сапарга узатуу жана үй-бүлөлүк салтанаттарда ысырапкерчиликтеди кыскартууга багытталган Жарлыктын мааниси жыйындын катышуучуларына жеткирилди. Ошондой эле үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө ашыкча чыгымдар салтка айланып баратканы айтылды. Мындай ысырапкерчиликтерди болтурбоо үчүн чогулган жашоочулар өз ойлорун билдиришип, мындай талкууларды жер-жерлерде жүргүзүү зарылдыгын билдиришти.

Аталган жарлыкты эл арасында жайылтып, үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө жана маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чараларын бирдей тартипке келтирүү үчүн жергиликтүү тургундар менен биргелешип иш алып баруу зарыл экендиги белгиленди.

Ошондой эле “Мобилдик автоунаалардын ишмердиигин колдоо Ассоциациясынын” директору милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров, Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары милициянын полковниги Айбек Ажибаев, Москва РИИБдүн жетекчилиги жолгушууга келген жарандарга  милициянын көчмө кабылдамасы тарабынан жер-жерлерде жүргүзүлүп жаткан жумуштарды тааныштырышты. Москва районунда милиция кызматкерлери мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү менен дайыма тыгыз иш-алып барышаарын админисрация жетекчилиги билдирип, алдыда дагы жаңы иш-мерчемдер дайындалып жатканын айтышты.

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *