Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Аламүдүн районунда форум болуп өттү

Үстүбүздөгү жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланып, анын негизинде ведомстволор аралык пландар кабыл алынган. Анын алкагында 24-январь күнү Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясында балдарды коргоого багытталган форум болуп өттү. Аталган иш-чарага Аламүдүн райондук сотунун төрагасы Байсов Кылыч Таштанбекович, райондук прокурор Стакеев Эдилбек Аскарович, ИИБдүн башчысы милициянын полковниги Асаналиев Талант Калыбекович, райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Баранбек уулу Адилет, Лебединовка айылдык кеңешинин төрагасы Умурбаев Канатбек Касымбаевич,  райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары ошондой эле окуучулар жана алардын ата-энелери катышышты.

Иш-чарада 2020-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлагы менен – Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялагандыгы боюнча кыскачы тасма көрсөтүлүп, окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Аталган мектеп-гимназиянын талантуу комузчулары, бийчилери, ырчылары өнөрлөрүн тартуулашса, мектеп-гимназиядагы милициянын жаш достору жана жол кыймылынын жаш инспекторлору отряддары мектептеги өздөрүнүн милдеттерин тааныштырышты. Чакан программадагы  концерттин соңунда мектеп директору Асылкан Омурова катышуучуларга ыраазачылын билдирип, мектеп окуучуларын ийгиликтери менен бөлүштү.

Аламүдүн райондук соттун төрагасы Кылыч Байсов, учурда балдарга билим берүү, аларды татыктуу тарбиялоо эң негизги багыттардын бири экендигине токтолуп, Ж.Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясы жана райондук соттун имараттары жакын болгондуктан кызматташтыкты мындан да жогорулатууга даяр экендигин билдирди. Аламүдүн районунун прокурору Эдилбек Стакеев район ичиндеги орто мектептердин окуучулары менен жыл сайын жолгушуулар уюштурулуп, мыйзамдуулукту сактоо, тартип бузууларды алдын алууга багытталган иштерди мектептерден баштаган жакшы натыйжаларды берээрине токтолду. ИИБдүн башчысы Талант Асаналиев ар бир орто мектептерде жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлор мектеп администрациясы менен бирге иш алып барышып, окуучулар арасында эмне түшүнбөстүктөр жаралса мектеп мугалимдери менен жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп, жыл башында өткөрүлгөн жакшы иш-чара балдарды коргоо боюнча көптөгөн иштерди аткарууга түрткү берээрин кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө ата-энелер да өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн жасалуучу сунуштарды колдоп, өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүшүштү.

Жыйында 2020-жылга карата Аламүдүн райондук, прокуратура, сот, ИИБү, билим берүү бөлүмү ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү зордук-зомбулуктарга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана балдарды колдоо боюнча атайын пландын негизинде иш-чараларды жер-жерлерде уюштурууну макулдашышты.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *