Сокулукта милиция кызматкерлери жер тилкелери менен алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты.

Буга чейин 45 жаштагы С.Р. аттуу Бишкек шаарынын тургуну, алдамчылык фактысы боюнча арыз менен кайрылган.

Аталган жаран өз  арызында бейтааныш адамдарга чара көрүүнү суранган. Сесеби дегенде алар 2017-жылдын февраль айынын аягында Сокулук районунун “Ак-Ордо” конушунда жайгашкан жер тилкесин анын “Хонда” унаасын 6000 долларга баалап алып, алдамчылык жол менен сатып жибергенин билдирген.

Жабыркаган адам аталган жерге турак жай куруу боюнча курулуш иштерин баштаганда, жогоруда аталган адамдар өзүнө тиешелүү эмес жер тилкесин сатып жиберишип,  жалпы суммасы 6000 долларды түзгөн мүлктүк зыян келтирилгендиги белгилүү болгон.

Бул факт Сокулук районунун Ички иштер бөлүмүнүн  КЖБР  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204 (алдамчылык) беренеси менен катталган. Сотко чейинки өндүрүш башталган.

Керектүү тергөө-оперативдик иш-чараларды жүргүзүү учурунда Сокулук районунун ИИБнүн кызматкерлери  шектүү жаранады аныкташып жана кармашып  райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген, ал  43 жаштагы С.У. атту жаран болуп чыккан. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Белгилей кетсек, кармалган С.У. Сокулук районундагы жер тилкелерине байланыштуу ушул сыяктуу бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө. Бүгүнкү күндө аталган адамга карата ушул сыяктуу 20 факты боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүп, алар боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жабыркаган  жарандардын байланышуусу үчүн  телефондор: (0501) 54-02-02 телефону же Сокулук районунун нөөмөт бөлүмү 0 (312) 60-75-67 .

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *