Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында төлөм кабыл алуучу терминалдарды жана акча каражаттарды уурдоого шектүүлөр кармалышты.
Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Сокулук РИИБүнө эки жаран арыз менен кайрылып, азык-түлүк саткан дүкөнүнө белгисиз бирөөлөр киришип, акча каражаттарын жана төлөмдөрдү кабыл алуучу терминалдарды уурдап кетишкенин билдирген.
Бул фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-бренеси (Уурдоо) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.
Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жогорудагы уурулук фактылары түнкүсүн жасалганы аныкталган. Анда биринчи факты боюнча 4 миң сом жана ичинде 44 миң сомдон ашык акча каражаты бар териминал уурдалган. Ал эми экинчи факты боюнча 29 миң сом акча жана жалпы баасы 1 миллион сомдук терминал уурдалган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде жогорудагы терминалдар ошол эле райондун аймагынан сындырылып ташталган абалда табылган.
Шектүү жарандарды аныктоо жана аларды кармоо үчүн бир катар ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында жогорудагы уурулук кылмыштарына шектелип 2001-жылы туулган С.Э. жана 1999-жылы туулган Т.Ч. аттуулар кармалышкан.
Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.