Сокулук районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

 

2022-жылдын 5-апрелинде Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 1963-жылы туулган Н.Б аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында  2013-жылдын август айларында, бейтааныш аял жер тилкесин сатам деп  алдоо жолу менен ишенимине кирип, 4000 АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып, бүгүнкү күнгө чейин ар кандай шылтоолор менен акчасын да, жерин да кайтарып бербей жатканын көрсөткөн.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (Алдамчылык) каралган кылмыш белгилери боюнча АИС ЭПКга катталып, милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип Н.А., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кармалган жарандын дагы ушул сыяктуу 3 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталып, сотко чейинки териштирүү иши уланууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *