Сокулук районунда аялдын өлүмүнө шектелип анын жолдошу кармалды

 

2021-жылдын 13-декабрь күнү Сокулук РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, аймактык ооруканага денесине ар түрлүү жаракат алып, бир аял жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Анын негизинде дароо окуя болгон жерге Соклук РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда жогорудагы аялдын өздүгү аныкталып, ал 1980-жылы туулган К.Э. экендиги такталып, ал ээсине келбей каза болгонду маалым болгон.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Саламаттыкка оор зыян келтирүү) боюнча катталган. Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип каза болгон аялдын күйөөсү 1973-жылы туулган Б.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, мас абалында уруша кетишип жыйынтыгында жубайы алган жараакаттарынан улам каза болгон.

Тергөө кызматы тарабынан зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *