Сокулук районунда бирөөгө бычак саюуга шектүү жаран кармалды

2019-жылдын 20-апрель күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, эркек киши бычактан алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылгандыгы маалым болгон. Бул маалыматтын негизинде Сокулук районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу ооруканага чыгышып, жабырлануучунун өздүгүн тактаган учурда ал 32 жаштагы Л.Н. экендиги аныкталып, ал 2019-жылдын 20-апрель күнү болжол менен саат 23:00 чамасында эч себепсиз аны бейтааныш аял ич тарабына бычак сайып качып кеткенин билдирип, ага карата чара көрүп берүүнү суранган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 39-130-беренелери (Киши өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча катталып, тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сокулук районунун ИИБнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Д.Р. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *