Сокулук районунда жаш өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан профилактикалык жумуштар жер-жерлерде тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

Сокулук РИИБдүн жаш өспүрүмдөр мене иштөө инспекциясынын демилгеси менен 2022-жылдын 10-11-март күндөрү “Укук бузуу” аталышындагы алдын алуу рейд иш-чарасы өткөрүлдү. Анын максаты жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктарды жана тартип бузууларды алдын алууга багытталган.

Иш-чарага райондук прокуратуранын өкүлдөрү, үй-бүлө жана балдарды коргоо кызматынан, райондук билим берүү бөлүмүнөн кызматкерлер катышышты.

Алдын алуу рейд учурунда Сокулук районундагы орто мектептердин окуучулары менен жолугушуулар уюштурулду. Анда милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштуулуктун түрлөрү жана аларга каралуучу жазалар тууралуу лекциялар окулду. Иш-чарада окуучуларга тартип бузууларды алдын алууга жана жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жолугушууда мектеп окуучулары өздөрүн кызыктырган суроолорду узатышып, тишелүу жоопторду жана кеңештерди алышты.

Мындай иш-чаралар Чүй облусунун баардык аймагында жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *