Сокулук районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды

 

2021-жылдын 8-декабрь күнү болжол менен саат 13:30 чамаларында Сокулук РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Жаңы-Жер айылындагы көчөлөрдүн биринде 30-35 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу малымат келип түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо Сокулук РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Милиция кызматкерлери жансыз денеге кароо жүргүзүү учурунда анын дене жаракаттары аныкталып,  ал 1991-жылы туулган Н.А. аттуу жаран экендиги такталган.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1989-жылы туулган Р.Б. аттуу жаран кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү менен каза болгон экөөсү ичимдик ичип отурушуп, кызганычтан улам уруша кетишип, жыйынтыгында 1991-жылы туулган Н.А. каза болгону маалым болгон.

Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланылууда.

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *