Сокулук районунда милиция жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл менен жолугушууларды улантууда

Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрынан баштап Сокулук РИИБнин жетекчилиги Сокулук районунун акими Курманбек Айтибаев менен биргеликте эл менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Бүгүнкү күндө Сокулук районунун айылдарында жергиликтүү калк менен 14 жолугушуу өткөрүлдү.

Сокулук РИИБнин башчысы милициянын полковниги У.Шамбетов бардык жолугушууларда жалпы райондун аймагындагы оперативдик абал боюнча маалымат берип, келгендерге кылмыштуулуктун эң көп кездешкен түрлөрү жана андан кантип коргонуу керектиги тууралуу айтып берди. Чогулгандар аларды кызыктырган социалдык мүнөздөгү, ошондой эле коомдук тартипти сактоого, участкалык милиция кызматкерлеринин ишине байланыштуу суроолорду беришти.

Жеке маселелер боюнча тиешелүү бөлүмдөргө конкреттүү тапшырмалар берилди. Ал ошондой эле жол-транспорттук жаракаттарды жана  жер тилкелери менен байланышкан алдамчылык фактыларды  алдын алуу актуалдуу милдет бойдон калып жатканын белгиледи. Ал өз сөзүндө үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирген жаңы мыйзамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар тууралуу маалымат берди.

 

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *