Сокулук районунун ИИБүнө Сокулук районуна карашту Кашка-Баш айлыныда белгисиз адамдар тарабынан тоноо кылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Аталаган маалымат боюнча ыкчам-тергөө тобу чыгып, 2022-жылдын 3-апрель күнү Кашка-Баш айылынын тааласында бейтааныш адамдар күч колдонушуп, анын телефонун тартып алышып, автоунаага отурушуп, из жашырып кетишкенин билдирген.
Бул факты Сокулук РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республиксынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышке шектелип, 2001-жылы туулган И.А., 1994-жылы туулган Н.Э., жана 2005-жылы туулган О.Д. аттуулар кармалышып, анын ичинен эки шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.
Териштирүү иштери улантылууда.