Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 1989-жылы туулаган С.Т., атту жарандын өздүгү аныкталып ал тоноого шектүү катары тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Анткени Сокулук районунун ИИБүнө арыз менен И.Ф. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2022-жылдын январь айында бейтааныш адам Ново-Павловка айылынын көчөлөрүнүн биринде күч колдонуп, анын телефонун тартып алгандыгын билдирген.
Бул факты Сокулук РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республиксынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталган.
Териштирүү иштери улантылууда.