Сокулук районунда “Укук тартиби” аталашындагы рейд иш-чара өткөрүлдү

 

Сокулук районунун аймагында кылмыштуулукту алын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында “Укук тариби” аталышындагы алдын алуу рейд иш-чарасы болуп өттү. Ага милициянын аймактык тескөөчүлөрүнөн, криминалдык милиция кызматынан жана башка Сокулук РИИБдүн кызматтарынан түзүлгөн 90 кызматкер катышышты.

Иш-чарада Сокулук районунун аймагында 30 дан ашуун сарайларда жана 40 ашуун мал  кармаган жайларда уурулук фактыларын болтурбоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Малчыларга жана сарай ээлерине мал уурулуктардын алдын алуу үчүн зарыл болгон жайларга видео көзөмөл камераларын орнотуу алдын алуу жумуштарына өбөлгө болоору айтылды.

Милиция кызматкерлери тарабынан коомдук жайлар, кафе-ресторандар, автоунаа жуучу жайлардын администраторлору менен жолгушуулар жүргүзүлүп, кылмыштуулктарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, курал жарак сактаган 80 жаран текшерилип, аларга ок атуучу куралдарды сактоо эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан сырткары орто мектептерде 30 дан ашуун тартип бузууларды алдын алууга багытталган лекциялар окулду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *