Сокулук районунда уурулук жана тоноо кылмыштарына шектүүлөр кармалышты

Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде аккумулятор уурдоого шектелип 2006-жылы туулган У.А. жана К.А., 2004-жылы туулган Т.А. аттуулар кармалышып, тергөө кызматына өктөрүлүп берилген.

Бул боюнча Сокулук РИИБүнө 1989-жылы туулган Г.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда жүк ташуучу автоунаасынын эки аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, жүргүзүлгөн иш-чаралардын нгеизинде шектүүлөр кармалган. Алардын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар экендиги аныкталган.

Сокулук районунда милиция кызматкерлери тарабынан тоноо кылмышына шектелип 1983-жылы туулган Д.Т. атуу жаран кармалып убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Ал боюнча 1997-жылы туулган З.Э. арыз менен кайрылып, анын телефонун чала тааныш жаран күч колдонуп тартып алганан билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталган.

Буга чейин Сокулук РИИБүнө сарайындагы темир шаймандарды белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкендиги тууралуу А.А. аттуу жарандын арызы катталган. Келтирилген чыгым 100 миң сомду түзгөн. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Чүй ОИИББнын жана Сокулук РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан 2005-жылы туулган А.Р, 2004-жылы туулган А.Б.жана О.Р. аттуулар кармалышкан.

Жогорудагы фактылардын негизинде тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *