Сокулук районунда уурулук кылмыштардын алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө

Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан уурулук кылмыштардын алдын алуу боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан 10-мартка чейин “Ууру” аталышындагы профилактикалык рейд иш-чарасы өткөрүлүүдө.

Аталган иш-чарага Сокулук РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматынан, милициянын аймактык тескөөчүлөрү жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы ошондой эле Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери катышышты.

Сокулук районунун Ново-Павловка айыл аймагындагы жаңы конуштарда жашоочулардын басымдуу бөлүгү жашагандыктан ошол аймактарда милиция кызматкерлери рейд иштерин улантышууда. Иш-чара учурунда 100дөн ашык жашоочулар текшерилди. Алардын ичинен мурда соттолгон жарандар-26, жаза мөөнөтүн өтөп келген-20, ар дайым спирт ичимдигин колдонгон-8, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча каттоодо турган-18 ошондой эле ок атуучу курал-жарак сактаган -35 жарандар текшерилип түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан 85 жаран ИИОнун имараттарына жеткирилип, 60дан ашуун жарандан дактилоскопиялык кол издери алынган.Андан сырткары кылмыштуулуктарды алдын алуу боюнча 400дөн ашык эскертме кагаздары жашоочуларга, тейлөө көрсөтүүчү имараттарга жана соода-сатык жайыларына берилди.

Сокулук районунун аймагындагы орто мектептерде уурулук кылмыштарын болтурбоо боюнча милиция кызматкерлери тарабынан жогорку класстын окуучуларына сабактар өткөрүлдү.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *