Сокулук районунда Хизбут-Тахрир диний-экстремиттик уюмунун мүчөсү кармалды

Сокулук РИИБдин Экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасында тыюу салынган Хизбут-Тахрир диний-экстремиттик уюмуна үндөгөн материалдар, жана бул уюмга тиешелүү атрибуттарды фейсбук баракчасы аркылуу жайылткан “Бапаев” аттуу интернет колдонуучу аныкталган . Баракчадан алынган матералдар Соттук экспертизага берилип жыйнтыгында ал материалдар Хизбут-Тахрир диний-экстремиттик уюмуна таандык экендиги аныкталган.

Бул факт Сокулук РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

 Сокулук РИИБдин Экстремизмге каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иштердин алкагында 2024-жылдын 23-апрель күнү Бишкек шаарында 1972-жылы туулган К.Б аттуу жаран кармалып, КР КЖК 96 беренесинин негизинде 48саатка камакка алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *