2022-жылдын 17-18-апрелинде Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан «Өспүрүм – эмгек» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Рейдин жүрүшүндө соода-сатык комплекстеринде, унаа жуучу жайларда жана кафелерде эмгекке тартылган балдарды аныктоо боюнча жана ошондой эле кечки убактарда компьютердик клубдар жүргөн өспүрүмдөр да текшерүүгө алынып профилактикалык иштер жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн профилактикалык-рейддик иш-чаралардын натыйжасында Сокулук РИИБнын Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан райондун базарларында 35тен ашык жашы жете элек өспүрүм иштеп жүргөнү аныкталган. Анын ичинен 20 өспүрүм Военно-Антоновка айылында жайгашкан унаабазарда эмгектенгендиги жана райондун мал базарында 15тен ашык жашы жете элек өспүрүмдөр жумушка тартылганы аныкталган.
Сокулук РИИБнын кызматкерлери жашы жете элек өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Жүргүзүлгөн профилактикалык жана рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы менен жашы жете элек 2 өспүрүм профилактикалык каттоого алынган.