Тиешелүү ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй ОИИББнын жана Аламүдүн РИИБнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматкерлери тарабынан «Фейсбук» социалдык тармагында «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун материалдарын таратып жүргөн А.К. деген колдочусунун аккаунтун аныкташкан.
Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусу менен, ал тараткан материалдарда тыюу салынган идеологиянын мазмуну бар экендиги тастыкталган.
Тартууга шектелип, «Хизб ут-Тахрир» ДЭУнун идеологияларынын активдүү жактоочусу, 48 жаштагы жаран А.М. аныкталган. Ал социалдык тармакка катталып, аны колдонуп жүргөн уюлдук телефону алынган. Ага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси “Экстремисттик материалдарды даярдоо жана жайылтуу” боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы