Токмокто уурулукка шектүү кармалды

2020-жылдын январь айынын башында Токмок шаарынын ички иштер органдарына жергиликтүү 31 жаштагы айым арыз менен кайрылып, анын үйүнөн белгисиз адамдар телефонун жана 4000 сомун уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чйеинки өндүрүш иштери башталган.

Токмок шаарынын ИИБдүн милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 21 жаштагы Ш.О. аттуу жаран шектүү катары кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Кармалган жарандын буга чейин Чүй облусунун аймагында башка да кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *