ТОКМОК ШААРЫНДА ИРИ СУММАДАГЫ ЖАСАЛМА АКЧАЛАР МЕНЕН ЖАРАНДАР КАРМАЛДЫ

Чүй ОИИББдин жана Токмок ШИИБдин ыкчам кызматтарынын кызматкерлери тарабынан жасалма акча каражаттарын мыйзамсыз даярдоо жана сатууга шектелген жарандардын өздүгү такталып, кармалышты. Алынган ыкчам маалыматтын негизинде милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада жасалма акчаларды жасоого тиешеси бар шектүүлөр кармалышкан.
Ушул жылдын февраль айынын башында шектүүлөрдүн бирөөсү жашаган Токмок шаарында жайгашкан жатаканалардын бири текшерилип, жыгач шкафтан ири суммадагы жасалма акча каражаттар: 143 даана 500 сом, 3 даана 200 сом, 1 даана 100 АКШ доллары табылган.
Жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары ушул окуу жайда иштеген 1996-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран кармалган. Алынган акча каражаттар соттук-техникалык экспертизига жөнөтүлгөн.
Маалымат боюнча, алынган акча каражаттарын шектүүлөр түстүү принтердин жардамы менен жасап жүрүшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө жогоруда көрсөтүлгөн даректе 1992-жылы туулган А.у.А. аттуу жаран кармалып, ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда күрмөсүнөн 3 даана 500 сомдук жасалма акча каражаты табылып алынган.
Бул кылмыш ишин дыкаттык менен текшерүү учурунда ыкчам кызматкерлер жасалма акча каражаттарын жасоо менен алектенген топту кармашкан.
Андан сырткары, башка деректе жайгашкан үй дагы текшерилген.
Кийинки ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери Токмок шаарында жайгашкан үйдү текшеришип, 158 даана 1000 сом, 20 даана 200 сом, 500 евро, 2 даана 100 АКШ доллар шектүү болгон акча каражаттары табылган. Алынган акча каражаттар компьютердин жана түстүү принтердин жардамы менен жасалган.
Азыркы учурда, топтолгон материалдардын негизинде иликтөө иштери жүрүп, ушул сыяктуу кылмыш иштеринин бети ачылууда. Мыйзамсыз иш-аракеттердии жасаган жарандардын өздүгү такталып, тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *