Токмок шаарында каракчылыкка шектүүлөр кармалды

2019-жылдын 10-май күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 80 жаштагы М.Х. арыз менен кайрылып, 10-май күнү болжол менен саат 02:20 чамасында бейтааныш адамдар анын үйүнө киришип күч колдонуп арыз ээсин коркутуп, 12 миң сом акчасын алышып окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, тергөө кызматы тарабынан кылмыштын бетин ачуу үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Токмок шаардык ИИБнын криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 28 жаштагы К.А. жана 30 жаштагы К.А. аттуу жарандар кармалышкан. Текшерүү учурунда шектүү жарандар буга чейин бир нече ирет соттолгондугу аныкталган. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *