Токмок шаарында катылган ок атуучу курал жана ок-дарылар табылды.

 

2022-жылдын 29-мартында милиция кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон кармалганга чейин 2021-жылдын январь айында Токмок шаарынын батыш тарабында жайгашкан токойдо ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды жашыргандыгы тууралуу ыкчам маалымат алынган.

Бул факт Маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган.

Аталган ыкчам маалыматты текшерүү максатында Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаарынын ИИБнын кызматкерлери тарабынан бир нече ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжасында 1989-жылы туулган, ИИМдин ыкчам-алдын алуу каттоосунда Уюшкан кылмуштуу топтун мүчөсү катары турган жарандын инсандыгы аныкталган.

Ошол эле учурда милиция кызматкерлери тарабынан аталган жаран азыркы учурда Бишкек шаарынын Тергөө абагында камакта отургандагы жана Бишкек шаарынын райондорунун биринде сот кароосунда экендиги аныкталды.

Мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери Токмок шаарынын батыш тарабында жайгашкан токойдо тапанча жана граната аныкталып, алынган.

Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *