Токмок шаарында кийим тигүүчү машиналарды уурдоого шектүүлөр кармалды

 

2021-жылдын 11-ноябрь күнү Токмок шаарынын ИИБнө А.Х. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрынан 11-ноябрга чейинки убакыт аралыгында Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде жайгашкан тигүү цехинен 4 даана кийим тигүүчү машиналарын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 130 миң сомду түзгөн.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок шаарынын ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, 1988-жылы туулган Д.М. жана 1989-жылы туулагн А.У. аттуулар жогорудагы кылмышка шектүү катары кармалышып, Токмок ШИИБдүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *