Токмок шаарында таноо фактысына шектүү кармалган

2020-жылдын 4-январь күнү Токмок шаарынын ички иштер органдарына жергиликтүү 23 жаштагы С.Х. аттуу жашоочу арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 3-январь күнү болжол менен саат 22:30 чамаларында Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде аны бирөө эч себепсиз уруп телефонун тартып алып окуя болгон жерден из жашырып кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери колго алынган.

Токмок шаарынын ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында буга чейин соттолгон 28 жаштагы Токмок шаарынын жашоочусу К.Д. кармалган.

Алдын ала маалымат боюнча жогорудагы окуя кызганычтан улам болгону маалым болгон.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *