Токмок шаарында телефон уурдоого шектүү жаран кармалды

 

2018-жылдын 16-апрель күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 52 жаштагы К.Е. арыз менен кайрылып, 16-апрелде болжол менен саат 16:30 чамасында анын автоунаасынан белгисиз адамдар уюлдук телефонун уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя боюнча Токмок шаарынын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип, 29 жаштагы жергиликтүү жашоочу Ж.У. кармалып, эч жакка кетпөө бөгөт чарасы коюлган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *