Токмок шаарында телефон уурдоого шектүү жаран кармалды

 

2017-жылдын 20-декабрь күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу айым 59 жаштагы С.Л. арыз менен кайрылып, 2017-жылдын 21-ноябрь күнү болжол менен саат 10:30дан 11:00гө чейинки убакыт аралыгында Токмок шаарында жайгашкан соода түйүндөрдүн биринен арыз ээсинин “SAMSUNG-G-5” үлгүсүндөгү уюлдук телефонунун белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 15 миң сомду түзгөн. Бул окуя боюнча Токмок шаарынын ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон. Токмок шаарынын ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган кылмышка шектүү делип, мурда соттолгон Ысык-Көл облусунда туулуп өскөн 55 жаштагы О.Т. кармалып, Токмок шаарынын ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *