Токмок шаарында уурулукка шектүү жаран карамалды

 

Токмок шаарынын аймагында өткөрүлгөн алдын алуу рейд иш-чаралары учурунда милициянын аймактык тескөочүлөрү тарабынан 1984-жылы туулган Б.Т. уурулук кылмышына шектүү катары кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Бул факты боюнча үстүбүздөгү жылдын 5-декабрь күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, анын үйүнө белгисиз бирөө кирип, автоунаасынын дөңгөлөгүн жана азык-түлүгүн уурдап кеткенин билдирген. Ал арыз кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *