Токмок шаарында уурулукка шектүү кармалды

Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок ШИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында уурулук кылмыштарына шектүү кармалды.

2021-жылдын октябрь айынан тарта Томкок ШИИБүнө жергиликтүү жашоочулардан бир нече арыздар катталган. Алардын бири телефонун белгисиз бирөөлөр уурдап кеткенин билдирсе, дагы бир жаран сумкасын ичиндеги акча каражаттары жана зер боюндары менен бирөө уурдап кеткени боюнча кайрылган. Андан сырткары азык-түлүк жана темир түтүктөрү уурдалганы тууралуу арыздар келип түшкөн.

Жогорудагы фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Милиция кызматкерлери траабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип Т.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, шектүү жаран күндүз шаардагы базардан ар түрдүү боюмдарды уурдап жүргөнү аныкталган.

Учурда шектүү жарандын Токмок шаары боюнча үч кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги такталган. Териштирүү иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *