Улан Ниязбеков: “Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүү учурунда ар кандай мыйзам бузууларга жол берилбесин”

2024-жылдын 26-апрелинде ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2024-жылдын биринчи чейрегинин ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум онлайн форматта өттү. Ал эми калган ИИОнун жерлердеги жетекчи курамдагы кызматкерлери онлайн форматында катышышты
Ички иштер министри Улан Ниязбеков коллегиянын жүрүшүңдө Жогорку Кеңешке шайлоолорду өткөрүү учурунда коомдук тартипти жогорку деңгээлде сактоо керектигин белгиледи.
“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Баткен, Кара-Суу райондорунда жана Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдардан шайлоо өткөрүү 28-апрелге белгиленген. Шайлоого байланыштуу коопсуздук иш-чараларын күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп, бир дагы аймакта мыйзам бузуу же одоно тартип бузууларды болтурбоону тапшырам. Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү, ошондой эле Тергөө кызматтары менен тыгыз байланышта иш-чараларды алып барыңыздар.
Жергиликтүү бийлик, тиешелүү мамлекеттик органдары, күч түзүмдөрү жана шайлоо комиссиялары менен чогуу иш алып барып, шайлоочуларды ташуу, мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүү, шайлоо эрежесин бузуу сыяктуу элдин кыжырын келтирген фактылар алдын алынсын. Айрыкча, добуш сатып алууга катуу бөгөт коюлсун.
Массалык тартип же мыйзам бузууларга жол бербей, одоно укук бузууларга бөгөт коюлсун. Эгерде, шайлоого байланыштуу мыйзам же тартип бузуулар орун алып, коомчулук арасында талкуу жараткан окуялар каттала турган болсо, “алдын алуу жумуштарын жүргүзө албаган жетекчилерге жанак ызматкерлерге катуу тартиптик чаралар көрүлө турганын эскертем. Шайлоого байланыштуу менин орун басарларым Баткен облусуна, Ош облусуна жана Ош шаарына барып, коопсуздукту жеринде координациялоо жумуштарын алып барышат. Бир дагы жетекчи же кызматкер саясатка аралашпасын. Жергиликтүү жетекчилер бул тапшырманы катуу көзөмөлгө алып, шайлоону мыйзам бузуусуз өткөрүүнү уюштуруңуздар”,-деди Улан Ниязбеков

ИИМдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *