Улан Ниязбеков: “Жол кырсыктарына азайтуу максатында таасирдүү пропагандалык иштер жүргүзүлсүн”

2024-жылдын 26-апрелинде ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2024-жылдын биринчи чейрегинин ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум онлайн форматта өттү. Ал эми калган ИИОнун жер-жерлердеги жетекчи курамдагы кызматкерлери онлайн форматында катышышты.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков коллегиянын жүрүшүңдө жол коопсуздугун сактоо багытында маселени талкуулоодо буга чейинки коллегияда жана аппараттык кеңешмелерде жол кырсыктарын 50%га азайтуу боюнча бир катар тапшырмалар берилгенин, бирок дагы деле жакшы жыйынтык чыга электигин баса белгиледи.
“Быйылкы жылдын 3 айында орун алган жол кырсыктары былтыркы көрсөткүчкө салыштырмалуу азайып кеткен жок. Былтыр кайсы аймактарда жол кырсыктары катталып, жарандар каза болуп, жаракат алышса, быйыл деле ошол аймактарда жол кырсыктары катталып, ошол эле көрүнүштөр кайталанды. Жол кыймылынын коопсуздугуна баа бере турган болсок, жер-жердеги ички иштер органдарынын жетекчилери тарабынан жол кырсыктарын алдын алууга дагы деле көңүл бурулбай келүүдө. Дээрлик көпчүлүк ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары, өздөрү жооптуу болгон аймактарда катталган жол кырсыктарына тиешеси жоктой мамиле жасашууда. Буга чейин кызматтык иликтөө өткөрүп, сегиз райондук ички иштер бөлүмүнүн башчыларына тартиптик чара көрүлгөн, бирок жыйынтыктуу иш байкалбай жатат”,-деди ал.
Министр ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгыгынын жетекчилигине райондук-шаардык, облустук деңгээлдеги жетекчилердин жол коопсуздугу жаатындагы жумуштарын координациялап, алардын ар бирине даректүү баа бериңиз деген тапшырманы койду.
“Жогоруда аталган кемчиликтерди, анын ичинде ишке ашпай калган программаларды ишке ашырууну колго алыңыз. Жол коопсуздугун азайтуу, адам өмүрүнө коркунуч жараткан кырсыктарга бөгөт коюу үчүн таасирдүү пропагандалык иштер жүргүзүлсүн, айдоочулардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн жолдо жүрүү эрежелерин туура сактоосу калыптандырылсын жана өздүк курамдын кызматтык ишмердигин күчөтүп, күнү-түнү туруктуу тартипте натыйжалуу иш алып баруу чаралары уюштурулсун. Мына ушул үч багыттан турган ишмердик бекем тартиптин негизинде ишке ашырылса, жол кырсыктарынын саны кескин түрдө азаят. Эң негизгиси, айдоочубу же жөө жүргүнчүбү жолдо жүрүүдө этият болушу милдет экендиги коомчулукка туура жеткирилсин. Мындан тышкары, жогоруда белгиленип өткөн шайлоо учурунда жана май айынын башындагы майрам күндөрү жол коопсуздугу жогорку деңгээлде камсыздалып, оор кесепеттер коштолгон унаа кырсыктары алдын ала алынсын.
Көчөлөрдөгү жол тыгындары, айрыкча чоң шаарларда жайгашкан соода борборлорунун айланасында, автобекеттерде жол тыгындарын болтурбоого басым жасалсын. Региондорго эл ташып, каттаган жеке такси унаалары майрам күндөрү жол кире акысын өз алдынча жогорулатуусуна бөгөт коюлсун. Авто-бейбаштык жасап, коомчулуктун тынчын алган терс көрүнүштөргө жол берилбесин. Жол коопсуздугун сактоо бөлүктөрүндө иштеген кызматкерлердин кызматтык ишмердүүлүгүн чыңдап, жол коопсуздугун сактоо багытында иш-чараларды күчөтүү керек, ошол эле учурда өздүк курамдын тартибине, мыйзамдарды так сактоого өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеймин”,- деди Улан Ниязбеков.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *