Улан Ниязбеков: “Милиция кызматкерлери коомчулук менен байма-бай жолугуп, калк ичиндеги ар кандай көйгөйлөрдү чечип бериши керек”

2024-жылдын 26-апрелинде ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2024-жылдын биринчи чейрегинин ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум онлайн форматта өттү. Ал эми калган ИИОнун жерлердеги жетекчи курамдагы кызматкерлери онлайн форматында катышышты.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын 2024-жылдын 3 айынын ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын талкулоо учурунда төмөндөгүдөй тапшырмаларды аткаруу керектигин билдирди.
“Ар бир жетекчи, өзү жооптуу болгон аймактагы мүчүлүштүктөрдү тизмектеп, аларды жоюу боюнча орун басарларына же кол алдындагы кызматкерлерге жүктөп койбой, жеке өзү күнүгө иш алып барышы керек. Райондук, шаардык жана облустук ички иштер бөлүмдөрүнүн, ошондой эле, аларга жооптуу болгон башкармалыктардын башчыларынын колунда, биринчи “Өнүгүү” боюнча, экинчи “Көйгөйлөрдү жоюу” боюнча иш-пландары болсун. Жакынкы арада, кайсы жетекчинин кандай иш-планы бар жана конкреттүү түрдө эмне менен алектенип жатканы туурасында текшерүү жүргүзөбүз.
Бир дагы кемчиликти жаап жашырбастан, өз учурунда жоюуга аракеттерди көрүңүздөр. Тигил же бул кемчиликтер туурасында Ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан айтылып же коомчулук кайрылуу жасагандан кийин, аларды жоюуга карата аракет кылбастан, өз алдынча сапаттуу иш алып барыңыздар. Элди кабыл алуу, арыз-даттанууларын угуп, жеринде ыкчам көмөк көрсөтүп, маселени чечүү иш-чараларын күчөтүңүздөр.
Ички иштер органдарынын негизги милдети – коомдук коопсуздукту камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүү болуп эсептелет. Бул милдетти татыктуу ишке ашыруу үчүн коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, массалык-маданий жана дүйнө коомчулугунда болуп жаткан жагдайларды эске алып, элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү, санарип тутуму аркылуу бардык коопсуздук иш-чараларын калыптандыруу, коомчулук менен байма-бай жолугуп, калк ичиндеги көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүү, эл арасында резонанс жараткан ар түрдүү окуяларга бөгөт коюу, кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу, элге жат көрүнгөн фактыларды болтурбоо, экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга, баңгизаттарга каршы күрөшүү милдеттерин мыйзам чегинде аткарып келе жатабыз. Бул аракеттердин максаты – мезгилдин талабына жараша өлкөнүн ички коопсуздугун камсыздап, милициянын кесипкөйлүгүн көрсөтүп, элдин ишенимин жогорулатуу болуп саналат.
Бирок, мындай тартиптеги тутумду түзүү оңой болгон жок. Буга чейин чет өлкөлүк полиция кызматтарынын ишмердиктерине баарыбыз эле кызыгып, алардын заманбап багытта иш алып барып жатканын көрүп, алардан артат калбастан өз алдынча аракетибизди жасап, жаңы идеялар менен иш алып барууга кадам таштап, көптөгөн жаңы ийгиликтерге жетиштик. Ааламдашуу процессинин алкагында, биз дагы ички иштер органдарынын тутумун өнүктүрүп, эл аралык стандарттарга жооп берген, адам укугун коргогон, кылмыштарга жана укук бузууларга туруштук берүүгө жөндөмү бар жана элдин тынчтыгын камсыздаган тутумду түзө алдык. Бул ийгиликтерге чек койбостон, андан ары дагы улантабыз.
Милициянын жаңы образын коомго тартуулоо максатында, жаңы кызматтык формага өтүп, элди тейлөөнүн заманбап моделин ишке ашырып, кызматкерлерге баардык иштөө шарттарын түзүп, материалдык-техникалык жана атайын каражаттар менен камсыздап келе жатабыз. Жарандардын коопсуздугу үчүн азыркы тапта тынымсыз иштеп жаткан “Милициянын көчмө кабылдамасы”, кызматтык ишмердикти жакшыртууга багытталган айрым санарип “программалары” керек болсо дүйнөлүк полиция кызматында да жок. Демек, өнүгүү сөзсүз эле башка өлкөлөрдө эмес, өнүгүү деген – аракет болгон жерде болот деп билишибиз керек.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери – бардык жерде өзүн туура алып жүргөн, мыйзамдын талаптарын так сактаган, берген антын жүрөгүнө бекем сактап, элге кызмат кылуу милдетин бийик койгон жөндөмгө ээ болушу зарыл. Биринчи жетекчилердин ишке берилгендигине күбө болгон баардык жаш кызматкерлер алардан үлгү алып, көкүрөгүндө “мен да ушундай жетекчи болсом” деген бийик сезимдер уялап турушу керек. Ал эми жарандык коом, анын ичинде жаштар балдар-кыздар форма кийген милиция кызматкерлерине суктанып, жан дүйнөсүндө милиция болууну эңсеп, шыктанып турушу абзел. Мына ушундай жагдайга ээ болгон шартта гана, келечекте элибиздин коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздаган тактыктуу кызматкерлерди өстүрө алабыз. Милициянын туруктуу өнүгүшү жана барган сайын жакшырууга бет алган системанын калыптанышы – жер-жердеги баардык жетекчилерди ойлондурушу зарыл. Ар бир аймактын тартибин солкулдатпай камсыздап, коопсуздук туткасын бекем кармаган, кара кылды как жарган калыстыгы бар, элдин бейпил турмушун жакшыртууга дайыма аракет жасаган системанын жоокерлери милиция кызматкерлери болушу керек”,- деди Улан Ниязбеков.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *