Улан Ниязбеков: “Улуттук планда” белгиленген тапшырмаларды жергиликтүү бийлик органдары да аткарууга милдеттүү”

2024-жылдын 26-апрелинде ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2024-жылдын биринчи чейрегинин ичиндеги аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурум онлайн форматта өттү. Ал эми калган ИИОнун жерлердеги жетекчи курамдагы кызматкерлери онлайн форматында катышышты.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков коллегиянын жүрүшүндө кандай гана кылмыш катталбасын анын бетин ыкчам ачып, калыс жана мыйзам чегинде сапаттуу тергөө амалдарын жүргүзүүнү өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.
“Элге келтирилген материалдык чыгымдардын ордун толтуруу жумуштарын жүргүзүү – милициянын негизги принциби болуп эсептелсин. Бул принципти, өздүк курамга туура жеткирип, жүктөлгөн милдеттерди так аткаруу жоопкерчилигин күчөтүңүздөр.
Быйылкы, былтыркы жана өткөн эски жылдардагы кылмыштардын бетин ачуу, анын ичинде коомчулук арасында резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачууга карата күжүрмөн иш-чаралар жүргүзүлсүн. Кылмыш иликтөө аппаратынын бирден-бир негизги багыты – кылмыштуулукту алдын алуу болуп эсептелет. Ошондуктан, республикадагы бардык кылмыш иликтөө бөлүктөрүнүн ишмердигин жеке көзөмөлгө алып, таасирдүү пропагандалык иштер байма-бай өткөрүлүп турсун”,-деди өз сөзүндө министр.
ИИМ башчысы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген “Улуттук план” аталыштагы комплекстүү жана маанилүү планды кынтыксыз аткаруу керектигин айтып, анын аткарылышын координациялап, уюштуруу жумуштарын жүргүзүү Ички иштер министрлигине тапшырылганын баса белгиледи.
“Өткөрүлгөн форумдар өзүнүн жакшы натыйжасын берип, мындай деңгээлдеги иш-чараны коомчулук туура кабыл алып, бир катар алкышка татыктуу болдук деп айтсак болот. Бирок, “Улуттук планды” аткаруу ушуну менен гана чектелип калбашы керек.
Социалдык көйгөйлүү маселелерди жеринде чечүү, коомдук маданиятты калыптандыруу, жаштардын таалим-тарбиясын чыңдоо, коомчулуктун тынчын алган жагымсыз учурларга бөгөт коюу, калкыбызга кедергисин тийгизип жаткан факторлорду алдын алуу ишмердиги, аталган планда белгиленген.
Ошондуктан, шаардык-райондук деңгээлдеги форумдарды андан ары улантып, элге жолугуп, көйгөйлөрдү тизмектеп, аларды чечүү боюнча өз алдынча аракеттерди көрүңүздөр.
Ушул эле пландын алкагында жана бүгүнкү күндөгү ченемдик укуктук актылардын негизинде, ички иштер органдарынын башчыларына координация жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Башкача айтканда, ар бир шаардык-райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, өзү жооптуу болгон аймакта жашаган элге терс таасирин тийгизген баардык окуялар жана көйгөйлүү фактылар боюнча иш алып барбай жаткан акимдер, мэрлер, айыл өкмөттөр жана айыл башчылар туурасында сунуштарды берүүгө, алардын ишмердигин көзөмөлдөөгө толук милдеттүү.
Андыктан, ар бириңиздер жергиликтүү ички иштер органдарынын жетекчилери – элди тейлөө жаатындагы ишмердикти жеке көзөмөлгө алыңыздар. Эгерде, кайсы бир мамлекеттик орган өз милдетин аткарбай жатса, анда Коомдук коопсуздук кызматына сунуштарды жөнөтүңүздөр”,-деп сүйлөдү Улан Ниязбеков.
Андан тышкары, ички иштер министри коомчулук арасында бирден-бир көйгөй жараткан жагдайлардын бири бул – баңгизаттарынын жайылышы экенин баса белгилеп, түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүп, жер-жерлерде таасирдүү иш-аракеттерди алып баруу керектигин айтты.
“Эгерде мындан 5 жыл мурда баңгизаттардын оор түрлөрүнө, анын ичинде атайын өстүрүлгөн баңгизаттарга каршы күрөшүү иш-чаралары жүргүзүлүп келсе, азыркы тапта синтетикалык баңгизаттарга каршы күрөшүү биринчи орунга чыкты. Синтетикалык баңгизаттары, жарандар арасында, айрыкча жаштар арасында тездик менен тарап, аны таркатууга интернет тармактары жана атайын электрондук каналдар колдонулуп, ага каршы күрөшүү чаралары улам барган сайын өзүнчө бир маселени жаратып жатат десек болот. Ага карабастан тиешелүү ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, конкреттүү ыкчам кадамдарды улантып жатабыз. Бирок, жалгыз гана милициянын күчү менен баңгизаттарды биротоло жок кылып, ага бөгөт коюу мүмкүн эмес.
Ал үчүн, бардык коомчулук, анын ичинде жергиликтүү бийлик жана мамлекеттик органдар, коомчулуктун активдүү өкүлдөрү, өлкөнүн эртеңки келечеги үчүн жан үрөгөн жаштардын жардамы аркылуу, биз бул апааттан сактанышыбыз керек. Ошондуктан, түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүп, жер-жерлерде таасирдүү иш-аракеттерди алып барыңыздар. Эл арасындагы көйгөйлөргө, анын ичинде улуттун саламаттыгына терс таасир берген баардык көрүнүштөр таризделип, аларды чечүү жолдору сунушталсын. “Улуттук планда” белгиленген тапшырмаларды аткарбаган жетекчилерге карата кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлүп, тиешелүү тартиптик чаралар көрүлөт”,-деди Улан Ниязбеков коллегиянын жүрүшүндө.
Андан сырткары алдыда келе жаткан майрамдарга карата бардык аймактарда массалык-маданий жана атайын уюштурулган патриоттук маанидеги иш-чаралар өткөрүлөт. Буга байланыштуу, ведомство башчысы ички иштер министрлигинин комплекстүү планы түзүлүп, жер-жердеги ички иштер органдарына таратылып берилди, аны көзөмөлгө алууну, коомдук тартипти сактоону жогорку деңгээлде уюштурууну жергиликтүү жетекчилерге тапшырды.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *