Уурулук кылмыштарын алдын алуу иш-чарасы Томок шаарында жана Москва районунда улантылды

Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери  тарабынан кылмыштуулукту жана тартип бузууларды алдын алуу иштери тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

2022-жылдын 16-мартында Москва РИИБдүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду уурдоо кылмыштарын болтурбоо жана алдын алуу боюнча ага жакын жайгашкан айылдарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жолгушууда кандайдыр бир шектүү адамдар же автоунаалар байкаса ал боюнча учурунда ИИОнун кызматкерлерине маалылматтарды билдирүү уурулук кылмыштарына бөгөт коюуга салым кошоорун милиция кызматкерлери белгилешти.

Андан сырткары малчылар менен да жолгушуулар болуп, мүрзөлөрдүн айланасында ар кандай терс көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Ошондой эле Токмок шаарынын ИИБдүн кызматкерлери тарабынан уурулук кылмыштарын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Уурулук кылмыштарына бөгөт коюу максатында базарларда, коомдук жайлардын, коомдук тамактануучу жайлардын жана жарандарга тейлөө көрсөтүүчү имараттардын администрациялары  менен жолугушуулар уюштурулду. Иш-чарада уурлук кылмыштарына жол бербөө үчүн жөнөкөй эрежелерди сактоо зарылдыгын милиция кызматкерлери эскертишти.

Токмок шаардык ИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан мектеп окуучулар арасында массалык мушташтарды болтурбоо, опуза талап кылуу жана уурулук кылмыштарды алдын алуу боюнча лекциялар окулуп, ар бир мыйзамсыз аракеттер үчүн  жоопкерчиликтер каралганы айтылды.

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *