2022-жылдын 26-апрелинде Чүй ОИИББнын кызматкерлери Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгүн колдоо максатында имараттын алдына көчөттөрдү отургузушту. Ошондой эле «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгү Чүй облусунун шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүндө да колдоого алынып көчөттөрдү отургузуу улантылып келүүдө.
Отургузулган көчөттөр милиция кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп турмакчы.