Чүй облусунда баңги заты менен алектенген жарандан 2 килограммга жакын зат алынды

 

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Москва районунда баңги заты менен алектенген жаран тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-аракеттердин негизинде 13-май күнү ак-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат алынып, Кыргыз Республикасынын ИИМнин криминалистика башкармалыгы тарабынан текшерилип, жогорудагы алынган зат героин баңги заты деп табылып, анын салмагы 0,535 граммды түзгөн. Бул окуя боюнча Чүй облусунун ИИББнын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Чүй облусунунун ИИББнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында үстүбүздөгү жылдын 14-май күнү жогорудагы кылмыштарга шектүү делип, Москва районунун Беловодск айылынын 49 жаштагы жашоочусу Ш.А. кармалып, анын үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда скотч менен оролгон 8 даана кутучалар алынып, ичинде кара-күрөң түстөгү өзгөчө жычы бар баңги заты алынып, жалпы салмагы 1 кг 825 граммды түзгөн. Кылмышка шектүү жаран Ысык-Ата районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *