Чүй облусунда каракчылыкка шектүүлөр кармалды

2022-жылдын 3-апрелинде Сокулук РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Кашка-Баш айылында каракчылык фактысы боюнча билдирүү түшкөн.

Аталган жерге Сокулук РИИБнин тергөө-ыкчам тобу барып, 2022-жылдын 3-апрелинде саат 15:40 чамасында жергиликтүү тургун 13-жаштагы У.А. жайлоодо мал багып жүргөн учурда,  ошол учурда ага белгисиз адамдар келип, бычак менен коркутуп, телефонун тартып алышып, мамлекеттик номуру жок «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаасы менен изин жашырып кетишкени белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча баланын атасы 43-жаштагы Ж.Ж. арыз менен кайрылган.

Аталган факты Сокулук районуна ИИБне 206 (Тоноо) беренесинин негизинде катталып. сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жогоруда аталган фактыга шектүү делип, Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан  аныкталган, алар 20-жаштагы И.А., 27-жаштагы Н.Э. жана 16-жаштагы О.Д.

Шектүүлөрдүн экөөсү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, андан кийин райондук соту тарабынан  2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандаган.

 

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *