Чүй облусунда мектеп рэкетчилигине каршы күрөшүү иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү жаран кармалды

2024-жылдын 21-апрелинде Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө А.Казакбаев атындагы орто мектептин 9-классынын У.К. аттуу окуучусу ошол эле мектептин 8-классынын окуучуларынан системалуу түрдө уруп-сабап, опузалап акча талап кылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.
Аталган факт Кемин РИИБге катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 208-беренесинде көрсөтүлгөн (Опузалап талап кылуу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Кылмыш иши боюнча тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда 2008-жылы туулган У.К. аттуу окуучунун өзүнөн кичүү балдардан опузалап акча талап кылган фактысы тастыкталып, ага байланыштуу кармалып, райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген жана Кемин райондук соту тарабынан ага карата баш коргоо чарасы тандалат.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Чүй облусунда кылмыштуулук менен күрөшүү иш-чаралары туруктуу негизде ар-дайым жүргүзүлүп, жасалган кылмыштын түрүнө карабастан, кылмыш жасаган адамдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылууда.
Ошол эле учурда, Чүй облусунун ИИОнын Коомдук коопсуздук кызматынын Балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жашы жете элек өспүрүмдөр арасында жасалган кылмыштарга жана укук бузууларга, өзгөчө мектеп рэкетине байланыштуу билим берүү мекемелеринде тынымсыз иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу ата-энелер! Эскертебиз, мектеп рэкетчилиги үчүн кылмышкерлерге карата эркинен ажыратуу кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Чүй ОИИББнын Басма-сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *