Чүй облусунда “Таза тергөө” программасынын алкагында усулдук-практикалык сабактар өткөрүлдү

2024-жылдын 15-19-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Н.Эшимкан уулу, Тергөө кызматынын контролдоо методикалык башкармалыгынын тергөөчүлөрү, Чүй ОИИББнын Тергөө кызматынын башчысы милициянын полковниги Ж.Исакбаева жана контролдоо методикалык бөлүмүнүн тергөөчүлөрү Чүй облусунун шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн Тергөө кызматынын тергөөчүлөрүнө “Таза тергөө” автоматташтырылган системасынын иштөөсү боюнча усулдук-практикалык сабак өткөрүштү.
Сабактын жүрүшүндө кызматкерлер сотко чейинки өндүрүш иштерин, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жана далил буюмдарды “Таза тергөө” автоматташтырылган системасына туура киргизүү, ошондой эле жаңы ачылган модулдар боюнча окуп үйрөнүштү.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Н.Эшимкан уулу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун ички иштер органдарынын кызматкерлеринин алдына койгон 10 багыттан турган приоритеттүү тапшырмаларды так аткарууну, мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоону, тергөө амалдарын сапаттуу жүргүзүүнү, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөнү жана жарандар менен сылык мамиле кылууну баса белгиледи.

Чүй ОИИББдин Басма-сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *