Чүй облусунда такси кызматкерин өлтүрүүгө аракет жасалган. Кол салгандардын бири такси кызматкеринин коргонуусунан улам ошол жерде каза болгон, ал эми экинчиси кармалды

 2024-жылдын 18-апрель күнү саат 02:20 чамасында 1991-жылы туулган А.Б. аттуу жаран өзүнүн “Киа К-7” унаасы менен “Яндекс” такси кызматын көрсөтүү учурунда, Бишкек шаарынан буйрутма түшүп, 2004-жылы тулган М.Н. жана 2005-жылы туулган Д.А. аттуу жарандар айдоочуну Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу айылына жеткирүүнү суранган. Айтылган дарекке келген учурда, унаанын арткы орундугунда олтурган 2004-жылы туулган М.Н. аттуу жаран айдоочунун мойнунга бычак менен сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми айдоочу мойнуна сайылган бычакты сууруп алып, ага карата күч колдонуп жаткан шектүүлөрдүн экинчиси 2005-жылы туулган Д.А. аттуу жарандан коргонуу максатында, ага карата 2 жолу бычак сайган, ал ооруканага бара жаткан учурда каза болгон.

Бул факт Чүй ОИИББге катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 37-122-беренсинде көрсөтүлгөн (адам өлтүрүүгө аракет жасоо каракчылык фактысы менен коштолгондо) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш иши бюнча милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектүү 2004-жылы туулган М.Н. аттуу жарандын жүргөн жери аныкталып, ал Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин талаптарына ылайык шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө амалдары уланууда.

 

Чүй ОИИББнын Басма-сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *