Чүй облусунда трансформатор майларын уурдаган жаран кармалды

Жакында, жалпыга маалымдоо каражаттарында Чүй облусунун бир нече райондорунда “Северэлектр” ишканасына таандык трансформаторлордун майлары уурдалганын жарыяланган. Бир жуманын ичинде Чүй облусунун аймагында трансформатордун 1,5 тонна майы уурдалгандыгы аныкталган. Чүй облусунун бир нече айылдарынын жашоочулары трансформатордон жыт чыгып жатканын, ошондой эле кээ бир учурларда айылдарда свет өчүп калып жаткандыгын байкашкан.
Окуя болгон жерлерге электр-тармагынын кызматкерлери чыгып, трасформаторлорду текшерүү учурунда трансформаторлордун майы жоктугу үчүн иштөөдөн чыгып калгандыгын айтышкан.
Бул фактылар райондук ички иштер бөлүмдөрүнө катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келишип, тиешелүү материалдар чогултулуп, Чүй облусунун райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси ( уурдоо ) боюнча кылмыш иштери козголгон. Бул кылмыш иштери Панфилов, Москва, Жайыл райондорунун бир нече айылдарында жасалган. Адаттагыдай эле, белгисиз адамдар бир куйганда трансфоматордон 250 килограммдай майды куюп алып жүргөн. Чүй облусунун бир нече райондорунун РЭСтерине чоң өлчөмдөгү зыян келтирилген.
Чүй ОИИББнин жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштеринин бетин ачуу максатында ыкчам- иликтөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштеринин бети ачылган. 2018-жылдын 25-январь күнү Чүй ОИИББнин кызматкерлери жогорудагы кылмыш иштерине шектүү катары мурда автоунаа жана уурулук фактылары боюнча соттолгон Жайыл районунун 40 жаштагы М.С. аттуу жашоочусун кармашкан. Шектүүнү кармоо учурунда жанынан канистрге куюлган 200 литр трансформатор майы табылып алынган.
Кармалган жаран күз айында эркиндикке чыккандыгын белгилеп кетебиз. Бул кылмыш ишин толук иликтөө үчүн топтолгон материалдар Чүй ОИИББнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жарандын трансформаторлордун майын уурдоо боюнча 12 кылмыш ишине тиешеси бар экендиги аныкталган.
Азыркы учурда милиция кызматкерлери шектүү тараптан келтирилген чыгымдын жалпы суммасын такташып, болжол менен 600 000 сомду түзүүдө.
Кармалган жаранды суракка алуу учурунда 3 тоннага жакын трансформатордун майын уурдагандыгы, аны ар кайсы жерлерге сатып, акчасын өз керектөөлөрүнө колдонуп жүргөндүгү маалым болгон.
Азыркы учурда кылмышкерге карата 2 айга камака алуу чарасы көрүлгөн. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *