Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун аймагында мурда бир нече жолу соттолгон 62-жаштагы Х.С. кармалган. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде (Уурдоо) каралган кылмыш белгилери боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарына негизинде издөөгө жарыяланган. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы