Чүй облусунда 72 жаштагы улгайган аялдын өлүмүнө шектелип эки жаран кармалды

2020-жылдын 4-март күнү саат 13:30 чамаларында Ысык-Ата РИИБдүн нөөмөт бөлүмүнө 102 кызматы аркылуу Дмитриевка айылындагы үйлөрдүн биринде кишинин жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө кабар келип түшкөн. Ысык-Ата РИИБнин жетекчилиги жана тергөө тобу окуя болгон жерге барганда, Дмитриевка айлынын үйлөрүнүн биринде 72 жаштагы С.Г. аттуу жарандын жансыз денеси киши колдуу болуп өлгөндүгү табылган.

Аталган факт Ысык-Ата РИИБдүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде катталып, сотко чейин өндүрүш иштери башталган. Тергөө кызматы тарабынан зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Чүй ОИИББнын жана Сокулук РИИБдүн кызматкерлери тарабынан сотко чейин өндүрүш иштерин жүргүзүү учурунда аталган кылмышка шектүү деп 37 жаштагы У.В. жана 34 жаштагы Г.Л. жарандар кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Азыркы учурда эки шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иши улантылууда.

Чүй ОИИББнын Басма-сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *