Чүй облусунун аймагында ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактоону аныктоо, коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу максатында үстүбүздөгү жылдын 18-февралынан 31-мартка чейин “Арсенал” аталышындагы комплекстүү алдын алуу рейд иш-чарасы өткөрүлүдү.
Аталган иш-чарага Чүй облусунун ИИОнун коомдук коопсуздук кызматынан, кылмыш иликтөө кызматынан жана Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлеринен 430дөан ашуун кызматкерлер тартылган.
Рейддин жүрүшүндө
- 3552 баардык мергенчилер текшерилди;
- 1001-сайлуу куралдын ээлери текшерилди,
- 2551-сайсыз куралдын ээлери текшерилди,
- 533-газ желим куралдыдын ээлери текшерилди,
- 19-сыйлыкка берилген куралдын ээлери текшерилди,
- 1-мергенчил дүкөнү текшерилди,
- 3-жеке сакчылык агенттиги текшерилди,
- 2-уруксат берүү тутумунда каттодо турган объектилер текшерилди.
Анда укук бузуулар боюнча 155 протокол толтурулду. Андан сырткары 25 ок атуучу курал-жарак алынгананын ичиенн 5 газ травматтык курал-жарактар.
Милиция кызматкерлери тарабынан 111 000 миң сомдон ашуун айыптар салынган.
Жарандар тарабынан милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен 36-факт жарактар тапшырылган, алардын ичинен 24-сайсыз курал, 6-газ-травматикалык тапанча, 3-кесилген курал, 41-дана ок-дары, 1-дана граната жана 1-дана мина.
Чүй ОИИББы эскертет: Ок атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жана анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.