Чүй облусунун аймагында “Арсенал” аталышында комлекстүү профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

Чүй облусу боюнча коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу үчүн үстүбүздөгү жылдын 5-февралынан 8-февралына чейин мыйзамсыз ок атуучу курал-жарактарды сактоону алдын алуу үчүн “Арсенал” аталышындагы профилактикалык рейд иш-чарасы болуп өттү.
Аталган иш-чарага коомдук коопсуздук кызматынан, криминалдык милиция кызматынан, лицензияга уруксаат берүү бөлүмүнөн жана Чүй облусу боюнча ИИББнын ЖКККБнын кызматкерлеринен түзүлгөн 180ден ашык кызматкер иш-алып барышкан.
Рейддин жүрүшүндө 1236 аңчылык менен алектенүүчүлөр текшерилип, алардын ичинен 49 жаран тарабынан курал-жарак сактоонун эрежеси бузулгандыгы аныкталып, аларга административдик протокол толтурулган. Андан сырткары 10 дон ашык жеке күзөт агенттиктеринин ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды же жарылуучу заттарды сактоо жайларындагы куралдарды сактоо эрежелери текшерилди.
Чүй облусундагы өткөрүлгөн рейд учурунда ЖКККБнын стационардык тосмолорунда шектүү унаалар кылдат текшерилип, 2623 жол эрежесин бузган айдоочулар аныкталып, аларга админстративдик протоколдор толтурулган, алардын ичинен 22 айдоочу алкоголдук ичимдик ичип, унаа башкарып жүргөнү аныкталган. Жалпысынан 69 автоунаа айып унаа токтотулуучу жайга токтотулган.
Жарандар тарабынан өз ыктыяры менен 8 ок атуучу курал ИИОнун кызматкерлерине тапшырылга жана мыйзамсыз сакталган эки аңчылык сайсыз мылтыгы жана 334 даана ар кайсы калибрдеги ок-дарылар алынган. Мындан сарткары Чүй облусунун ИИББнын кызматкерлери тарабынан рейд учурунда 15 кылмыштын бети ачылган.
Чүй облусунун ИИББы ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды же жарылуучу заттарды сактоо, ок атуучу куралды мыйзамсыз даярдоо же оңдоо, ошого тете
ок-дарыларды, жарылуучу заттарды же колго жасалган жардыргыч
түзүлүштөрдү мыйзамсыз даярдоо кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *