Чүй облусунун ИИББда милиция кызматкерлери үчүн лекция окулду

Үстүбүздөгү жылдын 3-февраль күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын борбордук аппаратында “Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар” боюнча лекция окулду.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери, Кыргызстандын аймагында экстремисттик жана террористтик деп тыюу салынган диний уюмдардын социалдык түйүндөрдө жүргүзгөн иш-аракеттери тууралуу түшүндүрүп,  алардын иштердүүлүгүнүн негизинде жарала турган  коркунучтар тууралуу толук маалымат беришти. Иш-чарада өтүлүп жаткан теманын алкагында талкуулар болуп, кызматкерлер кызыккан суроолорун беришип, жоопторду алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

   

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *