ЧҮЙ ОБЛУСУНУН ИИББда 2019-ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРГАН КЕҢЕШМЕ БОЛУП ӨТТҮ

2020-жылдын 21-январь күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жыйындар залында Чүй облустук ички иштер органдарынын 2019-жыл ичинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү багытында жүргүзгөн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешме болуп өттү.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Памир Асанов, Чүй облусунун ИИББнын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев, анын орун басарлары, башкармалыктардын, кызматтардын, шаардык-райондук ИИБлөрдүн башчылары, ардагерлер кеңешиңин төрагасы Ашыркул Асанов жана ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү ошондой эле Чүй облусунун ИИББнын кызматкерлери катышты.

Алгач Чүй облусунун ИИББнын башчысынын орун басары милициянын подполковниги Азамат Савыралиев 2019-жылдын 12 ай ичинде аткарылган жумуштар боюнча баяндама жасап, өткөн жыл КРнын Президентинин Жарлыгы менен “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы”  деп жарыяланып, анын алкагында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы ИИМдин кызматтары менен биргеликте аткарган жумуштарга токтолду. Андан сырткары министрдин алдыга койгон приоритеттүү багыттары боюнча аткарылган иштер айтылды. Алар: Коомчулуктун жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, криминалдык коркунучтарга каршы күрөшүү, көчөлөрдө жана коомдук жайларда криминалдык абалды көзөмөлдөө;  Элдин ишенимин арттыруу. Милиция кызматкери элдин алдында профессионалдуулук жана адамгерчилик жактан жогорку критерийлерге ээ болуусу; Ички иштер органдарынын катарындагы абийрсиз кызматкерлерди тазалоо боюнча ишти күчөтүү ошондой эле ИИОнун кызматтарында кызматтык тартипти бекемдөө; ИИОдо реформаны өнүктүрүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү, милициянын тарыхында сакталып калган мыкты тажрыйбаларды колдонуу;  багытында Чүй ОИИББы тарабынан бир катар иштер жүргүзүлгөн.

2019-жыл ичинде өздөрүнүн кызматтык милдеттерин так аткарып, жетишкен ийгиликтери менен «Мыкты кызматкер» деген наамга татыган кызматкерлер “Ардак грамота”, атайын сыйлоо лентасы жана вымпелдер менен сыйланышты. Андан сырткары ар түрдүү иш-чараларда өздөрүнүн активдүүлүгүн көргөзгөн ардагерлер кеңеши үчүн да сыйлыктар каралган. Байгелүү оорундар төмөнкү ардагерлер кеңештерине тапшарылды. 1-орунга Жайыл районунун ИИБнүн ардагерлер кеңеши татыктуу болсо, 2-орунга Кемин районунун ИИБнүн ардагерлер кеңеши ээ болушкан, ал эми 3-орун үчүн Чүй ОИИББнын борбордук аппаратынан ардагерлер кеңеши татыктуу болушуп, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Ички иштер министринин орун басары П.Асанов баяндамалар менен таанышкан соң кемчиликтерди жоюунун үстүнөн тынымсыз иш-алып барууну тиешелүү жетекчилерге эскертип, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана катталган кылмыштардын бетин ачуу, акыйкат териштирүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыз кылуу багытында иштерди жогорку деңгээлде алып баруу талабын койду. Андан сырткары үстүбүздөгү жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы деп жарыяланып, бул жаатта алдын алуу иштерин жүргүзүүнү күчөтүү зарылдыгына токтолду.

Жыл жыйынтыгы менен өткөрүлгөн кеңешмеде 2020-жылы аткарыла турган иш-мерчемдерге сунуштамалар киргизилип, Чүй облусунун ИИОнун ыкчам кызматтык ишмердүүлүгү боюнча аткарылуучу иш-чараларды күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *