Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматкерлерине Баткен облусунун аймагынан мыйзамсыз чек арадан өткөн коңшу өлкөнүн жараны Чүй облусунун аймагында жашырынып жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Сокулук районунун аймагында жашырынып жүргөн жеринен 1984-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 358-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча катталып, чогултулган материалдар, тиешелүү органдарга жөнөтүлгөн.