Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлерине окутуу иштери жүргүзүлүүдө

Чүй облусунун ИИББнын тергөө кызматынан, коомдук коопсуздук кызматынан жана  кадрлар бөлүмүнүн кызматкерлеринен түзүлгөн топ Чүй облусунун ички иштер органдарына Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана жаңы кабыл алынган кодекстери боюнча окутуу иштерин жүргүзүшүүдө.

Жер-жерлерде милиция кызматкерлеринин жумуштарын жакшыртуу, элдин ИИОнун кызматкерлерине болгон ишенимин бекемдөө ошондой эле кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында лекциялар окулууда. Анда жаралган суроолорго жооптор берилүүдө.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жакындан иш алып барган ички иштер органдарынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы жеткирилүүдө. Анын талаптарын жер-жерлердеги жашоочуларга жайылтуу иштерин тынымсыз жүргүзүү боюнча тапшырмалар коюлууда.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *