Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы 2022-жылдын 1-кварталындагы ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгын чыгарды.

 

2022-жылдын 19-апрелинде Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жыйындар залында Чүй облусунун ички иштер органдарынын 2022-жылдын 3 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган отурум болуп өттү.

Жыйнга Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилери, Чүй облустук ИИББнын борбордук аппаратынын кызматтарынын жетекчилери ошондой эле шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.

Алгач Чүй ОИИБдин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Мирланбек Насиров Чүй облусунун ички иштер органдарынын жетишкендиктери жана кемчиликтери боюнча баяндама жасады. Андан соң коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралар тууралуу сөз болуп кызматтардын жетекчилеринин отчеттору угулду.

Жыйында Чүй облусунун ички иштер органдарынын 2022-жылдын 3 айындагы оперативдик иш-чаралары жана Чүй облусунун аймагында коомдук тартипти сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле олуттуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маселелер каралды.

Кеңешменин соңунда Чүй ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев Чүй облусунун ички иштер органдарынын жетекчилерине төмөнкүдөй милдеттерди жүктөдү:

– Чүй облусунун аймагында орун алган оор жана өзгөчө оор кылмыштардын алдын алуу жана бетин ачуу боюнча бардык зарыл болгон ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү.

-Жетекчилердин эл менен жолугушууларынын алкагында жергиликтүү тургундардын көтөрүлгөн социалдык жана башка маселелерин көзөмөлгө алуу.

-Райондун аймагында башка бирөөлөрдүн мүлкүн уурдоонун алдын алуу боюнча рейддик жана башка иш-чараларды такай жүргүзүп туруу.

– мыйзамдарды жана кызматтык тартипти сактоо боюнча өздүк курам менен үзгүлтүксүз негизде сабактарды өткөрүү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *